Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Жээнбеков: Эч кимге карызым жок (видео)


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Бир гана Кудайдын алдында, элдин алдында гана карызым бар. Башка эч кимге карызым жок», - деп билдирди бүгүн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков парламенттин жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө. «Кылган эмгегим – таза. Мага жалган жалаа жукпайт», - деди президент.

Жээнбеков президент болуп 2017-жылы шайланган. Анын талапкерлигин экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) көрсөткөн. Бирок кийин экөөнүн ортосунда мамиле салкындап кеткен.

Жакында Атамбаев «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы өткөргөн курултайдын артында Асылбек, Сооронбай Жээнбековдор турарын белгилеп, «саткындарга кошулбайбыз» деп айткан. Ал «Жээнбековду бийликке алып келгенин» эскертип, буга өкүнүп жатканын» билдирген.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева 9-апрелде «Фейсбуктагы» баракчасына пост жазып, Атамбаев менен Жээнбековдун пикир келишпестигине 2017-жылы Минскиде өткөн ЖККУнун жыйынында Жээнбековдун Атамбаевдин каршылыгына карабастан Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканы себеп болгонун билдирген.

«Жолукпай кое алмак эмес. Анткени күнүмдүк тиричилигин, соода-сатыгын казак боордоштор менен чогуу өткөргөн калкыбыз ажодон чек ара чырын чечүүнү күтүп жаткан. Жаңы ажонун ушундай кадамдарын экс бара-бара «саткындык» деп баалай баштады...» дейт Стамалиева.

Ал эми Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген Фарид Ниязов Стамалиевага жооп кайтарып, «саткындык темасы экөөнүн ортосунда кийин гана пайда болду» деди. Жээнбеков КСДПнын президенттикке талапкерлеринин тизмесинде 2016-жылы эле биринчи орунда турганын жана сүрөө иштери ырааттуу негизде жүргөнүн айтты. (RK)

Президент: Эч кимге карызым жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:55 0:00

XS
SM
MD
LG