Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

ШКУнун жыйыны 13-14-июнда Бишкекте өтөт


Улан Дыйканбаев, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы.
Улан Дыйканбаев, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин башчыларынын жыйыны быйыл 13-14-июнь күндөрү Кыргызстанда өтөт. Аны утурлай 21-22-майда уюмдун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында болот. Бул тууралуу тышкы саясий мекеменин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев маалымат жыйынында билдирди.

Буга чейин саммиттин күн тартибине уюмдун ынтымагын арттырып, өз ара кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган гана маселелер кире турганы кабарланган.

2018-жылы июнь айында Кытайдын Циндао шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммитинде уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөн.

ШКУ 2001-жылы түзүлгөн. Анын курамына Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия кирет. Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия уюмдун ишине байкоочулук кылышат. (AlS/ZKo)

XS
SM
MD
LG