Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

ИИМ Чыңгыз Жумагуловго издөө жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал болгон 38 жаштагы Чыңгыз Жумагулов эки кишинин өлүмү үчүн шек саналууда. Ал быйыл февраль айында эле түрмөдөн жатак абакка которулган.

ИИМдин маалыматы боюнча, 9-апрель күнү Бишкектеги жеке менчик «Камек» клиникасынын алдына белгисиз бирөөлөр катуу токмоктолуп, эс-учун жоготкон эки кишини таштап кетишкен. Алардын бири оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей жатып каза болгон. Экинчиси алган жаракаттарынан улам кийинки күнү жан берген.

Милициянын маалыматы боюнча, маркумдардын экөөнүн тең башы жарылган, баш сөөгү сынган, бети, колдору жанчылган. Иликтеп-тергөө учурунда алар экөө тең Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургундары болуп чыкты.

Ошол эле күнү Аламүдүн районундагы Кашка-Баш айылынан маркумдардын бирине таандык болгон автоунаа табылган. Унаадан кандын тагы, дүрбү, Макаров тапанчасы, чөнтөк телефондор табылган.

Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун эки тургуну кармалды. Алар экөө тең мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Ал эми кылмышка шектүү үчүнчү киши - кримчөйрөдө «Дөө» деген каймана ат менен таанымал, уюшма кылмыш тобунун жигердүү мүчөсү болуп саналган Чыңгыз Жумагуловго издөө жарыяланды.

Чыңгыз Жумагулов 2016-жылы жайында камакка алынган жана ага «киши өлтүрүүгө катышкан», «бийлик өкүлүнө күч колдонгон», «ээнбаштык кылган» жана «кылмыш тобун түзгөн» деген айыптар тагылган. Бишкектин Ленин райондук соту 2018-жылы 17-январда Чыңгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда абактан бошоткон.

Эки апта өтпөй ал Жогорку соттун чечими менен кайра камакка алынып, №3 колонияга киргизилген. 2019-жылы февраль айында ал жатак-абакка которулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG