Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:05

Ак-Сууда өспүрүм баланын сөөгү табылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ак-Суу районунун Ак-Булак айылында 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын маалыматына караганда, 9-апрель күнү Ак-Булак айылынын 16 жаштагы тургуну саат 13:00дө үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес. Ата-энеси милицияга бүгүн, 10-апрелде кайрылган. Өспүрүм эртеси мектепке да келбегени аныкталган.

Издөө иштеринин натыйжасында өспүрүмдүн сөөгү 10-апрелде, түш ченде суунун жанынан табылды. Алгачкы текшерүүлөр боюнча, баланын денесинде тактар жок. Ал тоңуп каза болгону болжолдонууда.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. (AsM)

XS
SM
MD
LG