Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

12-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

11-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаайт, айрым жерлерде күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этекеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,

Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22,

Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан жаайт, түштөн кийин жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 17…19° болот.

XS
SM
MD
LG