Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Жалал-Абадда көп кабаттуу үй куруп жаткан 6 фирманын иши токтотулду


Жалал-Абадда мыйзамдуу курулуп жактан бир үйдүн курулушу.
Жалал-Абадда мыйзамдуу курулуп жактан бир үйдүн курулушу.

Шаар аймагында өткөн жылдын күз айларынан тартып башталган алты жердеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча аймактык башкармалыгынын башкы инспектору Эмилбек Мурзалиев билдирди:

- Ишкерлер көп кабаттуу турак жай курууда тийиштүү тараптардан уруксат кагаздарын алышкан эмес жана биздин башкармалыктан да каттоого алынган эмес. Өткөн айдагы текшерүү учурунда шаардын алты жеринде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу өз алдынча башталганы аныкталып, азыр тийиштүү кагаздар сотко даярдалып жатат. Биздин эскертүүлөргө баш ийбей жаткан ишкерлерди сотко берүүгө камынып жатабыз. Алар «Дост курулуш», «Абад», «Ясын», Роял Строй» компаниялары жана жеке ишкер Болот Маматов.

Жалал-Абад шаарынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу былтыр башталган. Учурда жеке ишкерлер тарабынан жети аймакта курулуш иштери жүрүп жатса, алардын бирөө гана курулушка уруксат алган.

9-апрелде шаардын жетекчилиги үй куруп жаткан ишкерлер менен жолугушуп, бул маселени талкуулаган болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG