Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Индияда парламенттик шайлоонун биринчи бөлүгү башталды


Добуш берүү үчүн кезек күткөндөр. 11-апрель, 2019-жыл.
Добуш берүү үчүн кезек күткөндөр. 11-апрель, 2019-жыл.

Индияда 11-апрелде башталган парламенттик шайлоодо 900 миллион киши добуш берүү укугуна ээ. Шайлоо жети баскыч менен өтөт. Акыркысы 19-майда болуп, 543 депутат шайланышы керек.

Коомдук сурамжылоолор жумушсуздукка жана өлкө калкынын дээрлик үчтөн бири жашаган айыл-кыштактардагы дыйкан-фермерлердин кирешеси аздыгына карабастан азыркы премьер-министр Нарендра Модинин «Бхаратия Жаната» улуттук партиясы алдыда экенин көрсөтүүдө. Аны колдогондор индиялык 40тан ашуун полиция кызматкеринин өмүрүн алган окуядан кийин Дели Пакистандын аймагына абадан чабуул койгон соң көбөйгөн.

Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар басымдуулук кылган талаштуу Кашмирдин айынан чатакташып келе жатышат.

Нарендра Моди шайлоо өнөктүгүндө улуттук коопсуздукка көбүрөөк көңүл бурду.

Ал эми оппозициялык «Индия улуттук конгресси» партиясы Модини утуп чыгыш үчүн аймактык партияларга таянып жатат.

Добуш берүүгө, ошондой эле Жамму жана Кашмир аймагында жети адамдын өмүрүн алган чабуулга байланыштуу өлкөдө копсуздук чаралары күчөтүлдү.

Жамму жана Кашмир - мусулмандар көпчүлүктү түзгөн жана 11-апрелде добуш берүү башталган 20 федералдык округдун катарында.

XS
SM
MD
LG