Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Кыргызстан мигранттар эң көп акча которгон өлкөлөрдүн алдыңкы сабына кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк банк эмгек мигранттары которгон акча каражаттары тууралуу жылдык баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, сырттагы жарандарынан экономикалык жактан эң көп көз каранды деп Тынч океанындагы чакан Тонга өлкөсү табылды.

Андан кийин эле Кыргызстан турат, мигранттардын салымы өлкөнүн ички дүң жыйымынын 33,6 пайызын түзөрү көрсөтүлгөн. Мигранттардан көз карандылык боюнча Кыргызстандан кийин Тажикстан, Гаити жана Непал турат. Ал эми которулган акчанын көлөмү боюнча Индия алдыда, 2018-жылы чет өлкөлөрдөгү жарандарынан 78,6 млрд. доллар түшкөн.

Дүйнөлүк банктын эсебине караганда, акыркы эки жылдан бери которулган акча көбөйүүдө.

2019-жылы кирешеси аз өлкөлөрдүн мигранттары которгон жалпы каражат 550 млрд. долларга жетери болжолдонгон.

XS
SM
MD
LG