Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Жанарбек Акаев: Сот жемкорду эмес, анын айыбын ачканды айыптоодо (видео)


Көр сатылып жатканын ачык айтып чыкканы үчүн айыпталган Максат Баялиев.
Көр сатылып жатканын ачык айтып чыкканы үчүн айыпталган Максат Баялиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев президент сот реформасы жүрүп жатканы тууралуу айтканы менен, анын сөздөрү соттордун өзүнө жетпей жатат деген пикирде.

Депутат бул тууралуу 11-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынына барып, сөз сүйлөп кеткенден кийин айтты:

- Президент аракет кылганы менен анын сөзү мамлекеттик кызматкерлерге жетпей жатат. Коррупция кадимкидей уланып, гүлдөп жатат. Мына, маркум кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев көрүстөндөрдү сатуу боюнча маселени көтөрүп, иликтеп чыккан. Азыр «көр сатылбайт» деп айтсаң Бишкекте эч ким ишенбейт. Анткени өкмөттө иштегендердин өздөрү жакындары каза болгондо барып, мүрзөдөн жай сатып алышат. Жакында Ленин райондук сотунун судьялары Уланбек Эгизбаевге «көр сатылып жатат» деп маалымат берип, коррупциянын бетин ачып, айтып чыккан адамдарды күнөөлөп, аларды айыпка жыккан чечим чыгарыптыр. «Силер туура эмес маалымат бергенсиңер, Бишкекте көр сатылбайт, силер жалган маалымат бергенсиңер» деп, күнөөлүү деп таап, аларга 20 миң сом айыппул салып коюптур. Муну менен биз коррупциянын бетин ачкандарды колдомок тургай, аларды, тескерисинче күнөөлөп отурсак, бизге бирөө коррупция боюнча маалымат береби? Финансы полициясынын тергөөсү өтө чабал иштеп жатат.

​11-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында сөз сүйлөп, өлкөдөгү кырдаал, аткарылып жаткан иштер тууралуу айткан. Мамлекет башчысы сот тармагында да реформа жүрүп жатканын белгилеген.

Бишкектин Ленин райондук соту 8-февралда Уланбек Эгизбаевдин «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсүнүн каарманы Максат Баялиевди даттануучуларга 20 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды.

Чечим Уланбек Эгизбаевдин «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсүндө кабырлардын сатылып жатканы тууралуу интервью берген Максат Баялиев Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовго жана бригадир Алихан Алиевге 10 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирет. (ZKo)​

XS
SM
MD
LG