Өзбек бийлиги «Amnesty International» эл аралык укук коргоо уюмунун «жемкорлук боюнча шектүү катары азыр камакта отурган мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыров кыйноого кабылган» деген айыптоосун четке какты.
Башкы прокуратуранын 11-апрелде тараткан билдирүүсүндө «иликтөө учурунда жүргүзүлгөн медициналык текшерүү «Кадыровдун саламаттыгы анын камакта болушуна жол берет жана денесинде эч кандай жаракат жок» деген жыйынтыкка келгени» тууралуу айтылат.
67 жаштагы Рашид Кадыровдун иши январь айында Ташкент сотунда карала башталган.
«Ал паракорчулук, опузалап акча талап кылуу, кызматынан кыянат пайдалануу жана башка кылмыштар үчүн айыпталып жатат» деп жазылган Башкы прокуратуранын маалыматында.
8-апрелде «Amnesty International» эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевди Кадыров жана аны менен бирге соттолуп жаткан 12 мурдагы жетекчини кыйноодон жана башка зулум мамиледен коргоого, алардын зарыл жана керектүү медициналык жардам алуусуна шарт түзүүгө чакырган.
Укук коргоочу уюм ишенимдүү булактарга таянып жазган кайрылуусунда «Рашид Кадыров кыйноого кабылып, ага уктоого мүмкүнчүлүк берилбей жатканын» белгилеген.