Британ полициясы «WikiLeaks» уюмунун негиздөөчүсү, жети жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде жашырынып келген Жулиан Ассанжды камакка алды. Бул Экватор ага баш паанек берүүдөн баш тарткандан кийин болду. Интернетте Ассанжды бирөөлөр элчиликтин имаратынан алып чыгып бараткан видео чыкты.
Эквадордун президенти Ленин Морено Асанжга баш паанек берүүдөн баш тартканынын себебин түшүндүргөн видео билдирүүсүн «Твиттерге» жайгаштырды. Мореонун сөзүнө караганда, ал мындай кадамга «WikiLeaks» уюмунун негиздөөчүсү эл аралык конвенцияларды бир канча ирет бузганына байланыштуу барган.
Бирок «WikiLeaks», тескерисинче, «Эквадорду эл аралык укуктун эрежелерин бузду» деп айыптады.
2012-жылы баш паанек берип жатып, Эквадор ага башка мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерге көлөкө түшүргөн материалдарды чыгарбай турган шарт койгон.
Австралиянын 47 жаштагы жараны Жулиан Ассанж «WikiLeaks» аркылуу АКШнын аскердик багыттагы 500 миң электрондук документтерин жарыялаганы үчүн сот жообуна тартылышы мүмкүн.
Ассанж 2012-жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинен чыга элек болчу. Ага Швецияда зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши да козголгон. Ассанж швед бийлиги аны «жашыруун маалыматты жарыялаган» деп айыптаган АКШга өткөрүп бериши мүмкүн деп чочулап келген.
Былтыр май айында Швеция Ассанжга карата зордуктоо фактысы боюнча тергөөнү токтоткон. Ошентсе да Британия ал Эквадордун элчилигинин аймагынан чыкса эле кармаларын билдирген.
Британиянын ички иштер министри Сажид Жавид “Твиттерге” “Мен Жулиан Ассанж полиция кармаганын ырастайм жана ал Улуу Британиянын адилет сотунда алып барылат” деп жазды.