Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Президент жергиликтүү сотторду дайындады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун 11-апрелдеги жарлыгы менен Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустук сотторуна судьялар дайындалды. Президенттик аппараттын маалыматына караганда, президентке Сотторду тандоо кеңеши тарабынан Жогорку сотко - 1, Чүй облустук сотуна - 2, Жалал-Абад облустук сотуна - 4, Ош облустук сотуна - 7 жана Ысык-Көл облустук сотуна - 4 талапкерди судьялыкка дайындоо боюнча сунуш берилген.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 4-апрелде алардын айрымдары менен маектешип, 12 талапкерди жактырган. Ал эми талапкерлер тууралуу ар кандай мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдар изилденип, натыйжада алты талапкер боюнча маалыматтар Сотторду тандоо кеңешине кайтарылып берилди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG