Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:24

Кыргызстанда кылмыш кылгандар көбөйүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылы Кыргызстанда 29 718 кылмыш катталды, анын 3 420сы өзгөчө оор кылмыштар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин социалдык статистика бөлүмүнүн башкы адиси Динара Сооромбаева 11-апрелде басма сөз жыйынында билдирди.

Мекеме көрсөткүчтөрдү беш жыл мурдагыга салыштыруу ыкмасы колдонуларын билдирди. Ага ылайык, 2014-жылы өлкөдө 27 70 кылмыш катталса, анын 4 073ү өзгөчө оор кылмыштар болгон.

2018-жылкы көрсөткүчтү алганда эң негизинен уурулук (38,9%), алдамчылык (14,7%), ээнбаштык (8,2%) түзөт.

Кылмыш кылган адамдардын саны 19,6 миң. Эң көбү Бишкек шаарында, ал эми эң азы Талас жана Нарын облустарында катталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG