Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:57

Зеленскийди автоунаа сүзүп кеткен видео боюнча кылмыш иши козголду


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын полициясы жүк ташуучу автоунаа президенттикке талапкер Владимир Зеленскийди сүзүп кеткени тууралуу видеотасманын жайылтылышы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул жөнүндө «Настоящее время» телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, кылмыш иши «Мамлекеттик же коомдук ишмерге карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү» беренесинин негизинде козголду.

Тасмада Владимир Зеленский топтолгон адамдардын алдында басып келатканда жүк ташуучу автоунаа сүзүп кетет. Андан соң ак түстөгү күлмайда жана оролгон доллар көрсөтүлүп «ар кимдин өз жолу бар» деген жазуу пайда болот.

Полиция бул видеотасманы өчүрүүнү талап кылып социалдык түйүндөрдүн жетекчилерине кайрылуу даярдап жатат.

Зеленскийдин командасы анын күзөтүн күчөтүүнү сунуш кылып, видеону жайылтуу үчүн Украинанын учурдагы президенти Петро Порошенкону айыптады. Алар тасма мамлекет башчыга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон телеграм-каналдардын бирине жарыяланганын билдирүүдө.

Азырынча бул видеотасманын пайда болушу боюнча Порошенконун штабы эч кандай комментарий бере элек.

Мурдараак Порошенконун штабы анын Владимир Путинге каршы тургандыгы көрсөтүлгөн үгүт материалына карата альтернативдүү жарнак көрсөткөн. Анда Порошенконун жанына орусиялык шоумен Максим Галкин менен Владимир Зеленскийди кошуп коюшкан.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Зеленский 30 пайыздан ашык, Порошенко 16 пайызга жакын добуш алган. Экинчи айлампага өтпөй калган талапкерлердин көбү Зеленскийди дагы, Порошенкону дагы колдошкон жок.

XS
SM
MD
LG