Бишкекте, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында «Тил жана маданият» деген эл аралык фестиваль өтөт.
Анда 14 өлкөнүн маданияты сахналаштырылып көрсөтүлүп, өлкөлөр парады жана көргөзмө менен коштолот.
Ар бир өлкөнүн өкүлү өз эне тилинде ырдап, бийин тартуулайт.
Бул фестивалды эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси жана эл аралык «Кембриж» мектеби уюштурууда. (КЕ)