Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:55

Баткендеги «Салам» радиосуна 18 жыл болду


«Салам Медианын» жетекчиси Улукбү Амирова.
«Салам Медианын» жетекчиси Улукбү Амирова.

Баткен облусундагы жергиликтүү «Салам» радиосу 2001-жылы 12-апрелде обого чыккан. Радионун 18 жылдыгына карата бүгүн «Ачык эшик» күнү өтүп жатат.

Каалоочулардын баары радиого келип, анын иши, эфирге чыгуунун тартиби менен таанышып, кызыктырган суроолоруна жооп алып кетсе болот. Бул тууралуу «Салам Медианын» жетекчиси Улукбү Амирова «Азаттыкка» билдирди.

Амирова - аталган радио обого чыккан күндөн тартып иштеп келе жаткан журналист.

«Салам» радиосу 2018-жылдан бери «Салам Медиа» деген аталыш менен мультимедиалык журналистиканы да ишке ашырып келет. «Салам Медиа» «Интерньюстун» «МедиаК» долбоорунун алкагында видео эфирлерин онлайн түрүндө көрсөтөт жана бул көрсөтүүлөрү «Youtube» порталындагы баракчасы аркылуу таралат.

«Салам Медиа» жакында «Интерньюс-Кыргызстан» уюмунун колдоосу аркылуу жаңы заманбап техника менен жабдылган.

«Салам» радиосу алгачкы жолу 2000-жылы обого чыккан. Радио жергиликтүү жаштардын демилгеси менен «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фондунун колдоосунда түзүлгөн.

2018-жылы сентябрда «Салам Медиа» болуп өзгөртүлгөн. 15 жылдан ашык мезгилден бери «Азаттык» радиосу менен өнөктөш катары кызматташып келе жатат. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG