Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

Курбанбай Искандаровдун иштен алынган себеби айтылды


Курбанбай Искандаров.
Курбанбай Искандаров.

Курбанбай Искандаров кызматынан мамлекеттик этика талаптарын бузганы үчүн алынды. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, мындай чечимди кабыл алууга вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго байланыштуу маалымат таркаганы себеп болгон:

- Мен аны мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн алдым. Разаковдун күнөөсү тастыкталса ага да чара көрүлөт. Бирок ошондой нерсени мага айтпай, башка жерде таратып жүргөнү мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпайт. Таратып жүргөнүн ушул жердеги кызматташтар айтты го, «бизге алып келип берди» деп. Өзү бергенин мойнуна алды.

Курбанбай Искандаров бир нече жыл өкмөттүн чек ара маселеси боюнча өкүлү болуп иштеп келген. Жумуштан алынганы 9-апрелде белгилүү болуп, буга өзүнүн берген арызы себеп болгону айтылган.

Жакында Баткенде кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургундар арасында жаңжал чыгып, эки тараптан тең адамдар жабыркаган. Бул маселе Жогорку Кеңеште жабык талкууланган. Айрым депутаттар «Жеңиш Разаковдун тажик чалгынына тиешеси бар» деген кептерди иликтөө боюнча демилге көтөрүшкөн.

Разаков "Мага карата айтылган шек жакындарыма айтылып жаткан куру доомат деп эсептейм. Ошондуктан муну чоң трибунага алып чыккан кишилер менен сот аркылуу териштирип алам" деген.

Искандаров иштен кеткенден кийин айрым интернет-колдонуучулар ал парламентте вице-премьер-министр, Баткен облусунун мурдагы башчысы Жеңиш Разаков тууралуу депутаттар арасында сөз кылганы үчүн жазаланганын жазып чыгышкан.

Искандаровдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чек арасында бир топ талаштуу тилкелери бар. (RK)

XS
SM
MD
LG