Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:27

Талас мэриясы борбордук аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салды


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Бул тууралуу шаар мэриясы «Республика» партиясынын жетекчилигине жиберген катта айтылган. Анда Талас шаардык администрациясынын алдындагы аянтка медициналык жана башка муниципалдык мекемелер, мектептер жайгашканына байланыштуу ал жерде Бабановду тосуп алууга арнап митинг өткөрүүгө тыюу салынары жазылган. Ошондой эле аянтта жайыт пайдалануучуларга эл аралык уюмдар тарабынан техника берилишине арналган иш-чара өтөрү белгиленип, аянт 13-апрель күнү бош болбосу кабарланган. Бул катты «Республика» партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Кенжебек Бокоев «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды. Депутаттын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Талас шаарынын мэриясы митинг өткөрүүгө тыюу салуу боюнча шаардык сотко да кайрылган, соттук отурум 12-апрелде түштөн кийин болот.

- Эгемендүү тарыхыбызда кандай гана иш-чара, митингдер болбосун баары ушул аянтта өтүп келген, - деди Кенжебек Бокоев. - Андай иш-чаралар Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин тушунда да болуп келген. Эми эле ага тыюу салган атышат. Биздин митинг ишемби күнү, түшкү саат экиде болот. Ал күнү мектептер жана башка мекемелер иштебейт. Мен муну бийликтин атайылап бут тосуусу деп ойлойм.

Талас шаарынын бийлиги Бабановду тосуп алууга арналган митингди шаардык стадиондо өткөрүүнү сунуш кылган. Кенжебек Бокоев аталган стадион Бабановду тосуп алганы келген элди баткыра албайт деп эсептейт.

Мурдараак «Республика» партиясы өзүнүн лидери Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишинин урматына 13-апрелде жер-жерлерде митинг өткөрөрүн билдиришкен.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Апта башында өзүнүн НТС телеканалындагы маегинде өлкөгө кайтып келип, саясий жашоого аралашарын айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштеринин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Ошондой эле атайын кызмат Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG