Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Мамкаттоонун кызматкерлери компьютердин зыяны үчүн 7,3 млн. сом алышкан


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери компьютердин зыяны үчүн маянасына кошумча 7,3 млн. сом алышкан.

Эсеп палатасы 2017-жылга карата Мамлекеттик каттоо кызматындагы бюджеттик чыгымдардын, кирешелердин жана башка каражаттардын пайдаланылышын текшерген. Анын алкагында бул тармакта эмгек акыны негизсиз төлөө фактылары, эмгек акы төлөөдө мыйзам бузулган учурлар аныкталган. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 7,3 млн. сомду түзгөн.

Анын ичинен эмгек акыны негизсиз төлөөгө 1,8 млн. сом сарпталса, эмгек акыны төлөөдөгү мыйзам бузуу 5,5 млн. сомго барабар болгон. Мисалы, тармактагы кызматкерлерге компьютердеги ишинин зыяны үчүн айлык акынын 25% өлчөмүндө кошумча акча, жалпысынан 3,7 млн. сом төлөнүп берилген. Эсеп палатасы бул кошумча төлөмдөр иш орундарында компьютерден нурлануу бары-жогу такталбай туруп берилгенин белгилейт.

Ошондой эле, 2016-жылга жүргүзүлгөн аудитте эскертилгенине карабай, 2017-жылы компьютердин зыяндуулугу үчүн 15%дан 25%га чейин айлык маянага кошумча 2,0 млн. сом негизсиз эсептелип төлөнгөн. Мындан тышкары, 700 миң сом жети штаттык бирдикти кармоо үчүн мыйзамсыз сарпталган.

Эсеп палатасынын бүтүмү боюнча, Мамлекеттик каттоо кызматы 8,8 млн. сомду бюджетке кайтарууга тийиш.

Мындан тышкары мурунку эскертүүлөрдү эске албай, дагы финансылык мыйзам бузууга жол берилгени үчүн Мамкаттоонун борбордук аппаратын, департаменттердин жана мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо жөнүндө сунуш Жогорку Кеңешке, президенттик аппаратка, Коопсуздук Кеңешине жана өкмөткө жиберилди.

Мурдараак компьютердин зыяны үчүн мамлекеттик бюджеттен миңдеген сом «Энергохолдинг» ишканасынын кызматкерлерине да берилгени аныкталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG