Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мэриясынын бул тууралуу арызын канааттандырып, Өмүрбек Бабановду тосуп алууга арналып, Эски аянтта өткөрүлө турган митингге тыюу салган чечим чыгарды. Бул тууралуу «Республика» партиясынын штаб мүчөсү Канат Мидин уулу «Азаттыкка» билдирди. Ал сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын кошумчалады.
Партиянын штабынын маалыматы боюнча, 12-апрелде Каракол шаарынын мэриясы да Бабановдун тарапкерлерине 13-апрелде борбордук аянтта митинг өткөрүүгө уруксат берген эмес.
13-апрелде борбордук аянтта митинг өткөрүүгө «бабановчуларга» Талас шаарынын бийлиги да тыюу салган. Таластын мэриясы митингди шаардык стадиондо өткөрүүнү сунуш кылган.
«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 13-апрелде Кыргызстанга кайтып келерин соцтармактар аркылуу жарыялаган. Анын тарапкерлери бул күнү Бабановду Бишкек шаарында жана башка аймактарда ири митингдерди уюштуруу менен тосуп алышарын кабарлашкан. Бишкектин мэриясы 13-апрель күнү Бабановдун тарапкерлеринин митингине Эски жана борбордук аянттарда уруксат бере албасын билдирип, аларга митингди Горький багында өткөрүүнү сунуш кылган. Мэрия алардын Эски аянтта митинг өткөрүү ниети боюнча Биринчи май райондук сотуна кайрылган. (ZKo)