Орусия Кыргызстандын Түндүк-Түштүк темир жол долбоорун ишке ашырууга кызыгып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде парламенттеги башкаруучу коалициянын жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Абдыкеримов айтты:
- Орусия ошондой эле «Түндүк-Түштүк» темир жол долбоорубузга да кызыгып жатат. Аракет кылып жатабыз. Кудай буюрса, ишке ашырабыз.
Жакында орус президенти Владимир Путин Бишкекке келгенде «Орус темир жолу» жана «Кыргыз темир жолу» ишканаларынын ортосунда меморандумга кол коюлган. Ага ылайык, орус бийлиги Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолун курууга катышууну каалап жатканы айтылган.
Абдыкеримов бул боюнча: «Буюрса августтун аягында баштапкы техникалык-экономикалык негиздеме иштерин бирге бүтүрөбүз. Андан кийин Орусия тарап өзүнө тийиштүү изилдөө жумуштарын бүтүрөт. Жылдын аягында Орусия өзүнүн оюн бизге да айтат. Себеби ушул долбоор боюнча орус тарап өз кызыкчылыгын билдирип жатат. Андан тышкары үч тараптуу эксперттик топ бар. Ошонун алкагында да иш жүргүзүп жатабыз», - деп маалымат берди.
Буга чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасын акционердик коом катары өзгөртүп, белгилүү бир бөлүгүн Орусияга сатуу жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган. Бирок бул тууралуу расмий комментарий бериле элек.
Түндүк-Түштүк темир жолу тууралуу 2015-жылдан бери айтылып келе жатат. Анын алгачкы линиясы Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече болот. (RK)