Словакияда мурдагы аскер Мирослав Марчек журналист Ян Куциак менен анын сүйлөшкөн кызы Мартина Кушнированы өлтүргөнүн моюнга алды. Бул тууралуу иликтөөчү журналист иштеген aktuality.sk порталы кабарлады.
Журналист менен ашыгын былтыр 25-февралда Братиславадан 65 чакырым алыс жердеги үйүнөн атып кетишкен. Куциак ал кезде Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого жакын адамдардын италиялык мафия менен байланыштарын иликтеп жаткан. Аягына чыкпай калган макаласы журналист өлгөндөн кийин жарык көргөн. Кылмыш боюнча 4 киши, анын ичинде Марчек камакка алынган.
Тергөөчүлөр Куциактын көзүн тазалоого миллионер Мариан Кочнер буйрук берген деп эсептешет. Анткени журналист ишкердин компаниясы аралашкан көз боемочулук схемаларын да иликтеп жүргөн.
Анын киши колдуу болушу жана жазган материалдары өкмөткө каршы массалык демонстрацияларга алып келип, премьер Фицо кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.