Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:59

Жусуп Мамайдын эстелиги Бишкекте сентябрда орнотулат


Жусуп Мамай (1918–2014). 15-июль, 2010-жыл.
Жусуп Мамай (1918–2014). 15-июль, 2010-жыл.

Быйыл сентябрь айында манасчы Жусуп Мамайдын эстелигинин ачылыш салтанаты болот. Бул тууралуу бүгүн 12-апрелде парламентте маалымат берип жатып вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Депутат Улукбек Ормонов: «Былтыр Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы деп өзүбүздүн жаш жигиттер акча чогултуп, эстелигин бүтүргөн эле. Өкмөттүн иш-чаралар планына киргизилген. Жер бөлүнгөн. Ачылышы качан болот?» деген суроо койду.

Өкмөттүн маалыматына караганда, эстеликтин ачылышы Кытайдан «Манас» операсын кытай тилинде койгон чоң маданий топтун келишине утурлай уюштурулат.

Манасчынын скульптор Тургунбай Садыков жасаган эстелиги Бишкекте, Улуттук филармониянын алдында тургузулары буга чейин кабарланган.

Залкар манасчы Жусуп Мамайдын (1918–2014) 100 жылдык мааракеси 2018-жылы белгиленген.

Ал Кытайдагы кыргыздардын XX кылымдын экинчи жарымы – XXI кылымдын башындагы чыгаан манасчысы, дастанчы. Көзү тирүүсүндө «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамына ээ болгон (2014).

2017-жылы кытайлык опера өнөрпоздору Жусуп Мамайдын эпостук вариантына негизделген «Манас» операсын ийгиликтүү койгон соң Бишкекке чакырылган. Операнын текстин кытай тилине бээжиндик кыргыз профессору Адыл Жуматурду которгон. (RK)

XS
SM
MD
LG