Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Суданда президент кетирилсе да нааразылык уланууда


Судандагы демонстранттардын бири.
Судандагы демонстранттардын бири.

Суданда бийликке каршы нааразылык акциясына чыккандар убактылуу бийликтин коменданттык саат тууралуу буйругуна баш ийбей, түнү бою уктабай, көчөлөрдө топтолуп турушту.

Мурунку күнү 30 жылдан бери Африкадагы бул мамлекетти башкарып келген президент Омар Башир камакка алынып, 2 жылдык өткөөл мөөнөткө бийлик куралдуу күчтөрдүн колуна өттү. 2005-жылы кабыл алынган Конституциянын күчү токтотулду. 3 айга өлкөдө өзгөчө абал жарыяланды. Президенттин кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары былтыркы декабрда башталган.

Өткөөл бийликтин башчысы катары ант берген вице-президент жана коргоо министри Авад Мухаммед ибн Ауф Баширдин кызматтан четтетилишин коррупциянын гүлдөп өсүшү менен түшүндүрдү.

Анткен менен митингчилер бийлик аскер адамынын колунда болгонуна каршы. Омар Башир - согуш кылмыштары жана геноцид үчүн айыпталган кызматтагы биринчи мамлекет башчы.

XS
SM
MD
LG