Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбектин иши Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Соттук териштирүүдө жоопкер тараптын адвокаттары сунуш кылган эки филолог эксперт көрсөтмө берип, Темир Болотбек айыпталып жаткан «совок» деген сөз улут аралык кастыкты козутпай тургандыгын айтышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» жарандык активист Бурул Макенбаева билдирди:
- Эксперттер «Темир Болотбектин сөзүндө эч кандай чакыруу же бирөөнү кемсинткен сөздөр жок» дешти. Анткени, «совок» деген сөз улут, дин же раса эмес, башка сөздөр да адамга эмес, барак тибинде салынган үйгө карата айтылган сөздөр экенин айтып беришти.
Макенбаеванын айтымында, кийинки соттук териштирүүдө бул иш боюнча коллегиялык экспертизага киргизилген профессор Зайнидин Курманов да көрсөтмө берери күтүлүүдө. Кийинки жараян 19-апрелде болот.
2018-жылы 1-мартта УКМК Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбекке «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Буга ал «Фейсбукта» Кыргызстан эгемендик алганга чейин Бишкекте салынган имараттарды сындаганы, аларга суктангандарды «совок» деп атап, «Рашага көчүп кеткиле» деген маанидеги сөздү жазганы негиз болгону кабарланган. (ZKo)