Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя 11-апрелде саат 14:00 чамасында болгон. 31 жаштагы келин кайнатасынын үйүнө келип, сейфте катылуу турган карабин мылтыгын алып, өзүн сол жак көкүрөгүнө атып жиберген. Алган жараатынан ал ооруканага жетпей каза болгон.
Милициянын маалыматы боюнча, келин өмүрүнө кол салардан мурун «өлүмү үчүн эч кимди күнөөлөп кереги жок» деген кат калтырып кеткен.
Иликтөө учурунда келин күйөөсү менен жашап жүргөнү, экөөнүн жети айлык кызы бар экени аныкталды.
Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда суициддин себептери аныкталып жатат.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда былтыр 522 киши өз жанын кыйган. Алардын 80и аялдар. 2017-жылы 490 киши жанынан кечсе, алардын 91и аялдар болгон. (ZKo)