Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:30

Жети-Өгүздүн Тамга айылында эки айга карантин жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жети-Өгүз районунун Тамга айылында кутурмадан төрт уй өлдү. Учурда айылда эки айга карантин жарыяланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жети-Өгүз райондук ветеринария, фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Жумаев билдирди. Ылаң Тамга айылынын жогору жагында Жыгач-Там деп аталган жеринде чыккан. Ал жерге жакын аймактагы бодо мал, айылдагы иттер жана кутурма болуп ооруган мал менен байланышта болгон 14 киши эмдөөдөн өткөрүлдү. Абал туруктуу. Анын айтымында, кутурма пайда болгону 28-мартта лабораториядан аныкталган.

Бактыбек Жумаев кутурма малга кандайча жукканын түшүндүрүп берди:

- Кутурма кашкулактан чыккан. Кашкулак менен иттер кармашып, итти кашкулактар тиштеп, анан ошондон чыккан. Алардын баары зыянсыздандырылды. Биздин божомолубуз боюнча, кашкулак торпокту тиштеп, ошондон жуккан окшойт. Өлгөн дагы эки мал ошол торпоктун жанындагылар, аларга шилекей аркылуу жуккан.

Жети-Өгүз райондук ветеринария, фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын маалыматында Тамга айыл аймагында 4203 баш бодо мал, 11442 майда жандык, 1187 баш жылкы, 7865 үй канаттуулары жана 996 ит катталган. (AsM)

XS
SM
MD
LG