Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

АКШнын Москвадагы элчиси Уилан боюнча «оюндарды токтотууга» чакырды


Жон Хантсман.
Жон Хантсман.

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман Москваны америкалык Пол Уиландын күнөөсүн далилдөөгө же аны бошотууга чакырды. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус редакциясына берген интервьюда элчи Кошмо Штаттар азырынча эч кандай далилдерди көрө элек экенин айтты.

Ал эми «Baring Vostok» инвестициялык фондунун жетекчиси, америкалык Майкл Калвинин ишине комментарий берип жатып Хантсман анын үй камагына которулушун туура кадам деп баалады. Элчи америкалык эки жарандын Орусияда кармалышын кооптондурган жагдай катары сыпаттайт.

Резервдеги мурдагы аскер Уилан былтыр декабрда Москвада кармалган. Орус коопсуздук кызматы ал тыңчылык кылган деп шек санап жатат. Соттун чечими менен 28-майга чейин камакка алынган Уилан өзүнө коюлган күнөөнү четке кагууда.

Калви быйыл 15-февралда кармалган. Тергөө аны «Восточный» банкынан 2,5 миллиард рубль (39 миллион доллар) уурдоо схемасын уюштурган деп айыптап келатат. Калви дооматтарды четке кагып, ишти корпоративдик талаш менен байланыштырууда. 12-апрелде сот анын үй камагын 14-июлга чейин узартты.

XS
SM
MD
LG