Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Талибдер айрым эл аралык уюмдардын ишмердигин тыйды


Ооганстанда талибдер өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарда Эл аралык кызыл чырым жана кызыл жарым ай коомунун, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ишмердигине тыюу салды.

11-апрелде «Талибандын» басма сөз катчысы Забихуллах Можахед аталган уюмдар эмдөө өнөктүгү маалында «шектүү иштерди жасаганын» айтып, башка уюмдар ишмердигин жүргүзсө боло берерин белгиледи.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Ооганстанда полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүнгүн жүргүзүп келет. Уюмдун басма сөз катчысы Жин Ни бул жаатта «Associated Press» агенттигине комментарий берип, адистер кырдаалды изилдеп жатканын белгиледи.

Эл аралык кызыл чырым жана кызыл жарым ай коому Ооганстанда ишмердигин убактылуу токтотконун басма сөз катчы Робин Ваудо маалымдады.

«Талибан» Ооганстанда жазгы чабуулдарын баштай турганын эскерткен. Кыймылдын 12-апрелде беш тилде жарыяланган расмий билдирүүсүндө жоочулар Ооганстандагы чет өлкөлүк аскерлерге каршы күрөштү улантаары жазылган.

XS
SM
MD
LG