Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келбей калды (видео)


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга жакынкы күндөрү келет. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов бүгүн, 13-апрелде Москвадагы аэропорттон видео аркылуу кайрылган учурда билдирди:

«Кымбаттуу элим! Мен үчүн Кыргызстанда мени күтүп жаткандардын жашоосу кымбат. Мени колдогон, мага күч кубат берген менин күчүм - силерсиңер, элим. Мен силердин бирөөгө курал болушуңарды каалабай турам. Бүгүн митингге чыгууну токтотууну суранам. Кыргызстанга тынчтык, биримдик керек. Үмүтүңүздөрдү актай албасам кечирим сурайм. Убакыт өткөндө тарых өзү баа берет. Мен үчүн Кыргызстанымдан, кыргыз элимден, тынчтык, ынтымактан башка байлык жок. Кыргыз элим, сиздер дайыма мени колдоп жүргөнсүңөр, штабымда иштеп жүргөн балдар баары Кыргызстанга кызмат кылат.
Менин тилегим - мекениме кайтып барып, силер менен чогуу сүйлөшүп, пикир алышып отургум келет. Бирок силерди үчүнчү күчтөр колдонуп кетишин каалабайм. Ага эч качан жол да бербейм. Ошондуктан, мен сиздерден бүгүнкү өтө турган тынчтык митингдерди токтотууну суранам. Мен тынчтык жолу менен келүүнү чечтим. Кудай буйруса, жакынкы күндөрү мен сөзсүз келем», - деген Бабанов.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Апта башында өзүнүн НТС телеканалындагы маегинде өлкөгө кайтып келип, саясий жашоого аралашарын айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Ошондой эле атайын кызмат Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG