Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Шыкмаматов: Өмүрбек Бабанов - саясий банкрот


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Өмүрбек Бабанов «мекенге кайтып келем» деп миңдеген шайлоочуларын ишендирип коюп, келбей койгону аны саясий банкроттукка жеткирди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди:

«Өмүрбек Бабанов эгер жүзү жарык болсо, мыйзам алдында күнөөсүз болсо, Өмүрбек Текебаевдей болуп Кыргызстанга келип, камалганына да кайыл болуп, камакта болсо да сот, адвокаттар аркылуу, ага ишенип жаткан 600 миң элдин колдоосу аркылуу өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдесе болмок. Бабанов бул мүмкүнчүлүгүн колунан чыгарды. Ал өзүнүн коркоктугун, чечкинсиздигин көрсөтүү менен бийликке чоң упай алып берди, бийликтин чоң утушуна алып келди. Бабанов - саясий банкрот».

Бир жумадан ашуун убактан бери Кыргызстанга кайтып келип, саясий жашоого аралашарын билдирип келаткан Өмүрбек Бабанов 13-апрелде Москвадагы аэропорттон видео аркылуу кайрылып, келбей калганын билдирди. Ал тарапташтарын митингдерди токтотууга чакырып, тынчтык жолу менен жакынкы күндөрү келерин айтты.

Бабанов аз күн мурун «Фейсбуктан» 13-апрелге Москва-Бишкек каттамына алынган авиабилетин көрсөткөн.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Апта башында өзүнүн НТС телеканалындагы маегинде өлкөгө кайтып келип, саясий жашоого аралашарын айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Ошондой эле атайын кызмат Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG