Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Владимир Путиндин мүлкү тууралуу декларация жарыяланды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2018-жылы 8 648 353 рубль тапкан. Путиндин былтыркы орточо айлык акысы 720,7 рублди түзгөн. Орус президентинин кирешеси жана мүлкү тууралуу жазылган декларация Кремлдин сайтына жарыяланды.

Декларациядагы маалыматтарга караганда, Путиндин кыймылсыз мүлкүндө өзгөрүү болгон эмес. Анын менчигинде 77 чарчы метр батир, 153,7 чарчы метрлик батир жана 18 чарчы метр өлчөмүндөгү гараж бар. Путинге катталган эки автоунаа бар: «Волга» ГАЗ М21 жана «Скиф» деп аталган чиркегичи бар «Нива» автомашинасы.

2018-жылы Путиндин кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 10 млн. рублге аз болгон.

XS
SM
MD
LG