Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

«Республика» партиясы Өмүрбек Бабановдун чечимин колдоду


«Республика» партиясынын шайлоодогу үгүт жарнамасы. Иллюстрациялык сүрөт.
«Республика» партиясынын шайлоодогу үгүт жарнамасы. Иллюстрациялык сүрөт.

«Республика» партиясы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кийинчерээк кайтып келүү тууралуу чечимин колдойт. Мындай маанидеги билдирүүнү партиянын Бишкектеги штабы таратты. Билдирүүдө «партия лидеринин мекенине кайтып келиши тууралуу жарыялангандан кийин аны менен тынч жолугушууларга тоскоолдуктар жарала баштаганы» айтылган. 13-апрелге караган түнү чагым кылууга кызыккан тараптар бар экени, алар Бабанов келген учурду өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракеттенип жатканы тууралуу маалыматта айтылганы жазылган. Буга байланыштуу Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга учуп келиш үчүн аэропортко келген жеринен чечимди өзгөртүүгө мажбур болгону белгиленет.

«Өмүрбек Бабанов биз менен узак талкуулоолордун негизинде туура чечимди кабыл алды. Өмүрбек Бабанов элибиз менен өлкөбүздүн биримдигин, тынчтыгын жана коопсуздугун өз кызыкчылыгынан жогору койду. Биз уюштуруп жаткан тынч митингдерге чыкпоого биз менен макул болду» деп жазышкан билдирүү ээлери.

Бир жумадан ашуун убактан бери Кыргызстанга кайтып келип, саясий жашоого аралашарын билдирип келаткан Өмүрбек Бабанов 13-апрелде Москвадагы аэропорттон видео аркылуу кайрылып, келбей калганын билдирди. Ал тарапташтарын митингдерди токтотууга чакырып, тынчтык жолу менен жакынкы күндөрү келерин айтты.

Бабанов аз күн мурун «Фейсбуктан» 13-апрелге Москва-Бишкек каттамына алынган авиабилетин көрсөткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG