Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Баткенде Айгүл фестивалы өттү


Айгүл гүлү. Баткен. 2016-жыл.
Айгүл гүлү. Баткен. 2016-жыл.

Фестиваль 11-13-апрель күндөрү Баткен облусунун борборунда өттү. Анда түрдүү улуттук оюндар уюштурулуп, жергиликтүү өнөрпоздордун, белгилүү ырчы-чоорчулардын катышуусунда элге концерттик программа тартууланды. Айгүл фестивалы жергиликтүү бийликтин демилгеси менен аймакта туризмди өнүктүрүү максатында бир нече жылдан бери уюштурулуп келатат.

Айгүл Баткен облусундагы Айгүл-Таш тоосунда гана өсөт. Бул гүл 1978-жылы СССРдин «Кызыл китебине» киргизилген. Учурда бир даана гүлдү үзгөндөр 4500 сом айыпка жыгылат.

2008-жылы жалпы аянты 250 гектарды түзгөн «Айгүл-Тоо» ботаникалык коругу ачылган. Корукту кайтарууга Эрматов атындагы орто мектептин окуучулары да жардам берет.

Айгүл гүлү апрелде ачылып, эки жумадай гана убакытка гүлдөйт. (JsA)

XS
SM
MD
LG