Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:54

Бишкекте митингге он чакты адам чогулду


Горький гүлбагы. 13-апрель, 2019-жыл.
Горький гүлбагы. 13-апрель, 2019-жыл.

Өмүрбек Бабановду тосуп алууга арналган митинг саясатчы Москвадан келбей калганына байланыштуу өткөн жок. «Республика» партиясынын мүчөсү Канат Мидин уулу митингдин катышуучуларына кабар берилгенин айтты. Бирок Бишкектеги Горький гүлбагында он чакты киши митингди күтүп, бир аздан кийин тарап кетти.

Сурамжылоо: Бабановду күттүңүзбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00

Таласта да митинг өткөн жок. Бул күнү Талас шаарынын борбордук аянтында АРИС уюму ветеринария кызматкерлерине мотоцикл тапшырды.

Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери мурдараак анын келишине арнап Бишкекте, Таласта, Нарында жана Каракол шаарында митинг өткөрөрүн жарыялашкан.

12-апрелде Бишкек мэриясы Бабановдун тарапкерлерине аны тосуп алууга арналган тынч митингди эски аянтта өткөрүүгө уруксат бербей, Горький гүлбагын сунуш кылган. Талас жана Каракол шаарларынын жетекчилери да митингди борбордук аянттарда өткөрүүгө уруксат бербей, шаардык стадионду сунуш кылышкан. Бабановдун тарапкерлери муну бут тосуу катары баалашкан. (TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG