Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Украин элчисинин машинесин сүздүргөн киши кармалды


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Украинанын Британиядагы элчисинин автоунаасына жана полицияга чабуул койгон деп айыпталган адам камакка алынды.

«40 жаштардагы эркек киши полиция кызматкерлеринин өмүрүнө кол салуу жана чыгым келтирүү үчүн кармалды» деп маалымдайт жергиликтүү полиция.

13-апрелде Лондондун борборундагы Украина элчилигинин жанында рулда отурган белгисиз киши элчи Наталья Галибаренконун токтоп турган автоунаасын бир нече ирет сүздүргөн. Ал учурда элчи машинеде жок болгон. Айыпталуучу машинесин окуя болгон жерге жетип келген полицияга буруп каршылык көргөзгөндө полиция ок аткан. Натыйжада чабуул койгон киши кармалган. Бул окуядан эч ким жарадар болбогону кабарланат.

Полиция болуп өткөн окуяны теракт деп эсептебейт. Ошол эле маалда кандай жагдайлар кылмышка түрткөнү, кармалган адамдын тек-жайы ачык айтыла элек.

XS
SM
MD
LG