Иранда соңку жумаларда селден жалпысынан 76 адамдын өмүрү кыйылып, чыгым 2,2 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу өлкө бийлиги тараткан расмий маалыматта айтылат.
Адатта кургакчыл келген түндүк-чыгыш провинцияларда нөшөрлөп жааган жаан 19-марттан бери жүздөгөн адамдарды үй-жайын таштап кетүүгө мажбур кылды.
Селдин суусу имараттарга, жолдорго, инфраструктура объектилерине жана айыл чарба тармагына залакасын тийгизди.
«Жалпы өлкө боюнча 31 провинциянын 25и жабыркады. Бул 4400 айыл» деп билдирди ички иштер министри Абдолреза Рахмани-Фазли. (RK)