Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:22

Суталиновду бошотуу маселесин кароо уланат


Мурат Суталинов.
Мурат Суталинов.

Бишкек шаардык сотунда бүгүн 15-апрелде атайын кызматтын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун ишин кароо уланат. Аны ден соолугуна байланыштуу бошотуу же бошотпоо маселесин караган соңку отурум 9-апрелде өткөн.

Адвокаттар өтүнүч келтиргенден кийин тогуз күбө суралды. Алар дарыгерлер жана Суталиновдун саламаттыгын текшерген комиссиянын мүчөлөрү. Дээрлик баары буга чейин коюлган диагнозду тастыктап, «түрмө шартында дарылануу мүмкүн эмес» деген пикирин айтышкан.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү «оорунун айыгышынан үмүт аз» деп билдирген.

2010-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) жетектеп турган Суталинов ошол жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Адвокаттар дарыгерлердин «Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткени» жөнүндө корутундусуна таянып, түрмөдөн чыгарууну соттон өтүнүшкөн. Быйыл 15-февралда Бишкектин Ленин райондук соту бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартып койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG