Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:08

Парламенттин Бюджет жана финансы комитети өкмөттүн ишин талкуулайт


Парламенттин жыйындар залы.
Парламенттин жыйындар залы.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети бүгүн, 15-апрелде өкмөттүн былтыркы ишин талкуулайт. Баяндаманы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жасайт.

Өткөн аптанын соңунда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2018-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапкан. Өкмөт толук курамы менен парламентке барып, отчет берген.

Суроо-жооптун жүрүшүндө депутаттар экономиканы жакшыртып, карапайым калктын социалдык маселелерин чечүү, инвестиция тартуу тууралуу кеп кылышты. Алар ошондой эле ири долбоорлор менен программалардын ишке ашырылышын камсыз кылуу, кылмыштуулукту азайтуу, коррупциялык жосундарды жоюу, кадр тандоого көбүрөөк көӊүл буруп, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча сөз козгошкон.

20-мартта парламентте азыркы өкмөттүн курамына ишенбестик көрсөтүү демилгеси көтөрүлгөн. Эл өкүлдөрү 2018-жылды жыйынтыктаганда да бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбаганын, 6 млрд. сомдон ашуун акча чогулбай калганын сынга алышкан.

Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. (RK)

XS
SM
MD
LG