Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Жыл башынан бери чек арадан мыйзамсыз өткөн 20дан ашык адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-апрелде Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы (МЧК) Чүй облусунан чек арадан мыйзамсыз өткөн Казакстандын үч жаранын кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Алар Казакстандын аймагынан Кыргызстандын өткөрмө пунктунан сырткары жерден өтүүгө аракет кылышкан. Кармалган адамдар УКМКга сотко чейинки өндүрүш жүргүзүш үчүн өткөрүлүп берилди.

Расмий маалыматка караганда, 2019-жылдын башынан бери 25 чет элдик жаран Кыргызстанга мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганы үчүн кармалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG