Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:21

Суталиновдун жакындары сот имаратынын алдына митингге чыгышты


Бишкек шаардык соту. 15-апрель, 2019-жыл.
Бишкек шаардык соту. 15-апрель, 2019-жыл.

Митингге чыккандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы, 2010-жылдагы апрель окуясы боюнча айыпталып, түрмөдө отурган Мурат Суталиновду эркиндикке чыгарууну талап кылышууда. Колдоруна «Генерал Суталиновго эркиндик!» деп жазылган плакаттарды кармаган туугандары, жакындары, айылдаштары бийликти Суталиновдун ден соолугу начарлап кеткенине көңүл бурууга тийиш деп эсептешет.

15-апрелде Бишкек шаардык соту Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу маселени карамак. Сотко Суталинов абалынын оорлоп кеткенине байланыштуу жеткирилген жок. Мындан тышкары, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү келбей калганына байланыштуу сот жараяны 7-майга жылды.

Муратбек Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун убакыттан бери каралып келатат. Ленин райондук соту 15-февралда аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан чечим чыгарган.

Дарыгерлер Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткенин белгилеп келишет. (ErN/ZKo)

XS
SM
MD
LG