«Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатын утурлай милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт.
Буга байланыштуу 15-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Муратбек Боронов кызматкерлердин даярдыгын текшерди. Ал милиция кызматкерлеринен жарандарга сылык мамиле кылып, аларга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү, өздөрүнүн сырткы көрүнүшүн жана тартибин уставга жараша алып жүрүүнү талап кылды. Мындан тышкары, шаардык милиция кызматкерлерине таандык буюмдардын болушу, сырткы келбети текшерилди. Талапка ылайык, эл аралык иш-чара өтүүчү күндөрү милиция кызматкерлери аты-жөнү жазылган бейжиктерди тагынып жүрүүгө тийиш. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди:
- Ош шаардык милициясы коомдук коопсуздукту камсыз кылыш үчүн 19-апрелден тартып күчөтүлгөн тартиптеги кызмат өтөөгө киришет. Шаардагы бардык маданий иш-чаралар өтүүчү жана коомдук жайлар көзөмөлгө алынат. Мындан тышкары Ош шаарынын тургундары жана конокторуна салтанат күндөрү иш-чаралар өтүүчү аймактарга жакын жайгашкан айрым көчөлөр убактылуу жабыларын да эскертебиз.
20-апрель күнү Ош шаарында «Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын расмий ачылышы болот. Бул эл аралык иш-чарага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн расмий коноктор, өнөрпоздор келиши күтүлүүдѳ. Салтанат үч күнгө созулат.
Ош шаары 2019-жыл үчүн «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган. Мындай чечим былтыр 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин 36-отурумунда бир добуштан кабыл алынган. (MdN)