Мирлан Тургунбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Антитеррордук борборуна жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Мирлан Тургунбеков буга чейин УКМКнын Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Ал коопсуздук кызматында 2000-жылдардан бери иштеп келе жатат.
УКМКнын Антитеррордук борборунун мурунку башчысы Асылбек Кожобеков кызматынан 1-февралда бошотулган. (ZKo)