Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Ингушетияда митингге чыккан эки активист камалды


Ингушетияда жер маселесине байланыштуу митингге чыккандар. 26-март, 2019-жыл.
Ингушетияда жер маселесине байланыштуу митингге чыккандар. 26-март, 2019-жыл.

Ингушетияда жер маселесине байланыштуу нааразылык акциясына чыккан активисттерди камоо жана алардын үйлөрүн тинтүү уланып жатат. Дүйшөмбүнүн таңында МАШР аттуу коомдук уюмдун башчысы Магомед Муцольговдун үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Жергиликтүү активисттер рейддер ингуш коопсуздук күчтөрүнүн эмес, федералдык кызматтын өкүлдөрү тарабынан уюштурулуп жатканын айтышууда. Акциялардын башында турган Муса Мальсагов жана Ахмед Барахоев 14-апрелде эки айга камалганы маалым болду. Аларга «полиция кызматкерлерине каршы күч колдонушкан» деген айып коюлуп жатат.

Март айында Чеченстанга жерлерди берүүгө каршы нааразылык акциялары жанданып, алар кагылышуулар менен аяктаган. Тергөө комитети күч түзүмдөрүнө кол салууга байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Мурдараак бул иш боюнча тогуз киши камалган.

Ингушетияда жер маселесине байланыштуу митингдер жарым жылдан бери уланып келатат. Активисттер коңшу Чеченстандын бийлигин «эки аймак ортосундагы талаштуу жерлерди, анын ичинде ингуш урууларынын ата-бабаларынын сөөктөрү көмүлгөн жерлерди да басап алды» деп айыптап келишет. Өткөн жылдын соңунда Ингушетия менен Чеченстандын бийлик башчылары жерлерди айырбаштоо боюнча келишимге кол коюшкан. Орусиянын Конституциялык соту бул келишимди мыйзамдуу деп таап, активисттердин жерлерди жалпы референдум өткөрүп, бөлүштүрүү тууралуу демилгесин четке каккан.

XS
SM
MD
LG