Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:02

Караколдо Н. Пржевальскийдин 180 жылдыгы белгиленди


Н. Пржевальскийге коюлган эстелик. Ысык-Көл облусу.
Н. Пржевальскийге коюлган эстелик. Ысык-Көл облусу.

XIX кылымдагы орус окумуштуусу, саякатчы Николай Пржевальскийдин 180 жылдыгына арналган иш-чарага Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышты. Ысык-Көл облусунун жетекчилиги жана орус элчилигинин өкүлдөрү Пржевальскийдин эстелигине гүлчамбар коюшту. Алар Пржевальскийдин Каракол шаарындагы музейине барып, өмүр жолу менен таанышып чыгышты. Иш-чаранын алкагында саякатчы жөнүндө маалымат берилген митинг-реквием да болуп өттү.

Элчи Николай Удовиченко менен Ысык-Көл облусунун жетекчиси Акылбек Осмоналиев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Буга чейин Ысык-Көл облусу менен Орусиянын бир катар облустары кызматташып келген, ошол алака-катыштарды мындан ары да жакшыртуу маселеси талкууланды.

Орусиялык окумуштуу, географ жана саякатчы Николай Пржевальский Борбор Азияга экспедициялык изилдөө менен келип, адамдын буту тие элек мейкиндиктерин атчан жана жөө аралап, 38 миң чакырым жол баскан. Анын Азияны изилдеген илимий эмгеги орус география илимине дүйнөлүк атак алып келген. Пржевальский өзүнүн акыркы саякатында, 1888-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде көз жумган. Азыр ал жерде Пржевальскийдин эстелиги жана музейи бар.

Совет убагында Каракол шаары Пржевальскийдин атына коюлган. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин, шаардын тарыхый аты кайтарылган. (AsM)

XS
SM
MD
LG