Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:15

Режиссер Серебренниковдун ишиндеги далилдер кайра изилденет


Режиссер Кирил Серебренников сотко келе жаткан учур. 12-апрель, 2019-жыл.
Режиссер Кирил Серебренников сотко келе жаткан учур. 12-апрель, 2019-жыл.

Орусиянын соту «ири суммадагы акчаны кымырып алды» деп айыпталып жаткан «Гоголь борборунун» көркөм жетекчиси Кирилл Серебренниковдун ишиндеги далилдерди кайра кароого жөнөтүп, кийинки соттук териштирүүнү 17-июнга жылдырды.

Мещанский райондук сотунун судьясы Ирина Аккуратованын 15-апрелдеги бул чечимин жактоочу тарап жеңиш катары кабыл алышты. Себеби адвокаттар прокурорлор далил катары сунуш кылган финансылык маалыматтар күмөн жаратаарын айтып келишкен.

49 жаштагы режиссерго жана анын эки өнөктөшүнө 2011-2014-жылдар аралыгында «Жетинчи студия» өкмөттүк эмес уюмуна берилген «мамлекеттик каражаттын 133 миллион рублун (2 миллион доллар) кымырып» алган деген айып коюлуп жатат. «Жетинчи студияны» негиздеген Серебренников мындай дооматтарды четке кагып келет.

8-апрелде сот Серебренников менен анын өнөктөштөрүн үй камагынан бошоткон. Алар былтыр август айында кармалгандан бери үй камагында болчу. Орусиядагы жана ондогон башка өлкөлөрдөгү маданият өкүлдөрү президент Владимир Путиндин өкмөтү менен пикири келишпеген режиссердун бошотууну талап кылып, буга чейин бир нече жолу акцияга чыгышкан.

XS
SM
MD
LG