Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:32

Мамкаттоо: Туулгандыгы тууралуу күбөлүк кагазы эки күндөн кийин болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү эки күндөн кийин кайра бериле баштайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Элзат Кыдырмышова билдирди:

- Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча берилүүчү документтеринин бланктарын «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коому камсыздайт. Бүгүнкү күнү басмакана тараптан камсыздоо кармалып жатат. Ал ишканадан бизге бланктар эки күн аралыгында жеткирилерин маалымдашты, эки күндөн кийин жалпы республика боюнча жаңыланып, бардык бөлүмдөргө жеткирилет.

15-апрелде соцтармактардын айрым колдонуучулары Мамкаттоо «балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн бланкы жок» деп аны бербей жатканын жазып чыгышкан.

«Гознак» ишканасы 2017-жылкы тендердин жыйынтыгы боюнча Мамкаттоого туулгандыгы тууралуу жана нике тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын даярдап берет.

Аталган тендер боюнча былтыр Башкы прокуратура мыйзам бузуу фактысы менен кылмыш ишин козгогон. Анда учурда абакта отурган экс-премьер-министр Сапар Исаков «Гознактын» кызыкчылыгы үчүн сүрөгөн деп шек саналганы кабарланган.

«Гознак» жоопкерчилиги чектелген коому - мурдагы «Континент принт» аттуу ишкананын алкагында түзүлгөн мекеме. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге тиешелүү экени айтылган «Континент принт» 2010-жылкы апрель окуясынан кийин Убактылуу Өкмөттүн декрети менен мамлекеттештирилип, 65% акциясы мамлекетке өткөрүлгөн. Учурда бул активди өкмөттүн атынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тескейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG