Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Жээнбеков Бавариянын мамлекеттик канцелярия башчысы менен жолугушту


Сооронбай Жээнбеков жана Флориан Херман. Мюнхен, Германия. 15-апрель, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Флориан Херман. Мюнхен, Германия. 15-апрель, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде Мюнхенде Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы Флориан Херман менен жолугушту. Президенттик басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Херман Кыргызстандын мамлекет башчысын жылуу тосуп алып, федералдык канцлер менен жолугушууга чейин Баварияга келгенин достук ишарат катары баалады. «Бул эки тараптуу мамиленин жакшы башталышы. Бүгүн сизди кызыктуу жолугушуулар күтүп турат» деди Флориан Херман.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-немис кызматташтыгы өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстанда айыл чарба, туризм, суу, энергетика, кен байлыктар тармагында эки тараптуу соода алакалары үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин эске салды.

Мамлекет башчы мындан тышкары Германиянын экономика күндөрүн 2020-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуш кылды.

Ошондой эле президент Кыргызстан менен германиялык Конрад Аденауэр жана Фридрих Эберт фонддору менен, Ханс Зайдел фонду менен ийгиликтүү кызматташуу жүрүп жатканын баса белгиледи.

Мамлекет башчы өлкөдө жасалып жаткан иш аракеттер, реформалар тууралуу маалымат берип, Евробиримдик менен кызматташуунун жаңы баскычтарына даярдык жүрүп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, 2019-жылы июлда Евробиримдиктин башчысы менен жаңы келишимге кол коюлмакчы.

Жолугушуунун аягында президент Сооронбай Жээнбеков Флориан Херманды жана Бавариянын башчыларын Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Германияга эки күндүк расмий сапар менен барган.

Эми ал экономика, өнүгүү жана энергетика боюнча мамлекеттик министр Хуберт Айвангер менен жолугушат.

Мындан тышкары мамлекет башчы Ханс Зайдел атындагы фондго барып, Бавариянын коомдук жана саясий ишмерлеринин алдында сөз сүйлөйт, эки тараптуу бизнес-форумдун ачылышына катышат.

Президент «Pellmeyer» айыл чарба ишканасына барып, андан соң Германиядагы мекендештер менен жолугушат.

Ал эми федералдык канцлер Ангела Меркел менен жолугушуу 16-апрелге пландалып жатат. Анда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG