Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Сурдокотормочулукка окуган юристтерге сертификат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Юридикалык билими бар адистер үчүн 11-марттан 6-апрелге чейин атайын сурдокотормочулукка үйрөткөн курстар өткөрүлгөн. 15-апрелде курсту ийгиликтүү окуган адистерге атайын сертификат тапшырылды. Алар кулагы укпаган жарандардын укуктарын коргоодо чоң көмөкчү боло алышат.

Сертификаттар Кыргызстандын Азиздер жана дүлөйлөр коомунун окуу борборунда тапшырылды.

Аталган коомдун маалыматы боюнча, соттук териштирүүлөрдө, тергөөдө жана укуктук кеңеш берүүдө мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар котормочу таба албай кыйналып жүрүшөт.

Сурдокотормочуларды окутуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын «Сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорунун алкагында Кыргызстандын Азиздер жана дүлөйлөр коому менен чогуу жүргүзүлгөн.

Сурдокотормочулардын жаңы, кеңейтилген маалыматтык базасы мындан ары мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды укуктук жактан коргоодо алар менен оңой байланышууга мүмкүнчүлүк ачмакчы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG