Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Тоолуу Карабак маселеси Москвада талкууланууда


Тоолуу Карабак аймагы.
Тоолуу Карабак аймагы.

Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Тоолуу Карабак маселеси боюнча Москвада сүйлөшүүлөрдү башташты. Зограб Мнацаканян менен Элмар Мамедяровдун ортосундагы сүйлөшүүлөрдү Орусиянын Тышкы иштер министрлиги уюштуруп жатат.

Министрликтин маалыматына ылайык, Москвадагы жабык жыйынга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобунун теңтөрагалары орусиялык Игорь Попов, француз дипломаты Стефан Висконти жана америкалык Эндрю Шофер да катышууда.

15-апрелде эртең менен армян тышкы иштер министри Мнацаканян менен Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров өз алдынча жолугуп сүйлөштү.

Көбүнесе армяндар жашаган Тоолуу Карабак 1988-94-жылдардагы согуш учурунда Азербайжандан эгемендигин жарыялаган. Ал согушта 30 миңдей киши кырылып, жүз миңдеген адам качкынга айланган.

1994-жылдан бери бул аймакты армяндардын күчтөрү көзөмөлдөп келет. Тоолуу Карабактын эгемендигин бир да өлкө тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG